Абыловду ИИМдин ыкчам тобу кармап кетти

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү Мамбетжунус Абыловду үйүнөн Ички иштер Абыловду үйүнөн Ички иштерминистрлигинин ыкчам тобу кармап кетти. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасуловага  шилтеме берүү менен Т-"Медиага" бүгүн, 27-октябрда жазды.

26-октябрда Абыловго кылмыш иши козголуп, үй-жайы тинтилгени айтылган.

Мамбетжунус Абылов 23-октябрда активист, саясатчылар жапырт кармалгандан кийин, 25-октябрда журналисттерге маалымат жыйын берген. Анда Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү массалык башаламандыктарды уюштурууга даярданып жатат деп айыпталганын, алардын бийликти алмаштыруу ниети болбогонун айткан.

14:29, -ж., 27-февраль