Акыркы бир жумада 65 адамдан коронавирус аныкталды

17-23-октябрь күндөрү Кыргызстанда 65 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Анын ичинен 14 бейтап ооруканага жаткырылды, 51 адам үйүнөн дарыланууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымдашынча, өлкөдөгү бардык аймактар жашыл зонада.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 21 651 адам коронавируска чалдыккан. Жалпы пандемия башталгандан берки аралыкта үч миңдей адам оорудан көз жумган.

14:29, -ж., 27-февраль