Кыргызстанда бир жумада 84 адамдан коронавирус аныкталды

10-16-октябрь күндөрү Кыргызстанда 84 адам COVID-19 вирусун жуктурганы расмий тастыкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган мекеменин маалыматына караганда, 12 адам ооруканага жаткырылып, 72 бейтап үйүнөн дарыланууда.

"Өлкөдөгү бардык облустар жашыл аймакта, кооптонууга негиз жок", - деп жазылган маалыматта.

2022-жылдын башынан бери Кыргызстанда 21 586 адам коронавируска чалдыкты.

14:29, -ж., 27-февраль