Орусия: тамак-аштан 27 кыргызстандык ууланды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын 27 жараны тамакка ууланып, Боткин атындагы инфекциялык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 6-октябрда Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, алар «Прайдекс» курулуш фирмасында иштечү. Компания жумушчуларды жатакана жана үч маал тамак менен камсыз кылган. Ал эми кыргызстандык жарандар Лахта-Борбордогу курулушта иштеп жаткан.

Уулангандардын абалы канааттандырарлык экени айтылды. Роспотребнадзор текшерүү жүргүзүп жатат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактоодо.

14:29, -ж., 27-февраль