Украина футбол боюнча 2030-жылкы Дүйнө чемпионатын өткөрүүнү көздөгөн өлкөлөрдүн тизмесине кошулду. Ага чейин Европанын атынан Испания менен Португалия талапкер болгон.
Украинанын Футбол ассоциациясынын төрагасы Андрей Павелко: "Чемпионатты кабыл алуу - үрөй учурган согуштан аман калган же дагы деле оккупацияда кала берген элдин кыялы. Ал жерлерде жакында кайрадан украин желеги желбирейт", - деп айтты.
Павелко мындай билдирүүнү 5-октябрда Европа футбол ассоциациялар бирикмесинин (УЕФА) Швейцариядагы баш кеңсесинде расмий презентация учурунда жасады.
Украинанын өкүлү долбоорду президент Владимир Зеленский колдогонун кошумчалады. Оюндардын канчасы Украинада жана кайсы шаарларда өтөрү белгисиз.
Эки жыл мурун Испания менен Португалия биринчиликти кабыл алуу ниетин жарыялашкан.