Быйыл Баткен облусундагы кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусуна байланыштуу Ош шаарынын күнүн белгилөө токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Майрамдык иш-чаралар жана салтанаттар да өткөрүлбөйт.
Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда белгиленип келген. Бул жылы калаанын 3022 жылдыгы майрамдалмак. Ош болжол менен 30 кылым мурун түптөлүп, шаар деген расмий макам 1876-жылы берилген.