Чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган ишкерлер cалыктан бошотулушу мүмкүн

Иллюстрациялык сүрөт

Экономика жана коммерция министрлиги 14-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган ишкерлерди салыктан убактылуу бошотууну сунуштоодо. Министрлик коомдук талкууга алып чыккан долбоорго ылайык, ишкерлер быйылкы жылдын сентябрынан тартып, 2014-жылдын 1-январына чейин салыктын бардык түрүнөн (кошумча нарк салыгынан тышкары) бошотулат.

2024-жылдын 1-январына чейин камсыздандыруу төлөмдөрүнөн толугу менен бошотулат.

Бул жеңилдиктер Мамлекеттик салык жана социалдык камсыздандыруу мекемелеринде 2022-жылдын 1-сентябрына чейин каттоого турган, 14-17-сентябрда куралдуу жаңжал болгон аймактардагы ишканаларга берилет. Булардын арасында тоо-кен өндүрүшүндө жана күйүүчү май сатуучу ишканалар жок. Ошондой эле бул жеңилдик куралдуу кагылышуу болбогон аймактардагы ишканаларга да берилбейт.

14-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган ишканаларды жер жана мүлк салыгынан бошотуу жергиликтүү кеңештерге сунушталууда.

Финансы министрлиги Социалдык фонддогу кемиген каражаттын ордун толтуруу милдети тапшырылат.

14:29, -ж., 27-февраль