Ошто 10го жакын троутардын курулуш иштери башталды

Ош шаардык жолдор башкармалыгынан билдиришкендей, учурда калаада 10го жакын көчөдө тротуарларды куруу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Королев, Масалиев, Ленин, Курманжан-Датка, Краснофлотская, Баялинов, Амир-Тимур МАБдагы №177 жана башка көчөлөрдө иш жүрүүдө. Жакын арада Моминов көчөсүндө иш башталат.

Тротуарлардан алынган эски брусчаткалар квартал ичиндеги, ички жолдордун тротуарларына төшөлөт.

Буга чейин Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, быйыл калаада 38 көчөгө тротуарларды куруу жана реконструкциялоо иштери пландалган. Бул иштер 2023-жылга да мерчемделүүдө.

14:29, -ж., 27-февраль