Викрам Рузахунов: Кыйноого шектүүлөрдүн сүрөттөрүнөн 10дон ашыгын тааныдым

Кыргызстандык музыкант, Казакстандагы Январь окуяларында сабалган Викрам Рузахунов жабырлануучу катары Алматыда көрсөтмө берди. Ал Инстаграмдагы баракчасына соңку эки күнү эртеден-кечке Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына барып сурак бергенин, аны полиция жана аскер кызматкерлери кыйнаган жерлерди көрсөтүп, ур-токмокко кабылган окуяны баштан-аяк баяндаганын жазды.

"Алматы облусундагы полиция департаментинин кыйноого шектүү кызматкерлерин аныктоо болду. Сүрөттөгү 348 адамдын ичинен 10дон ашыгын тааныдым. Алдыда алар менен мени беттештирүү иштери турат. Тергөө уланууда" ,-деп билдирди.

14:29, -ж., 27-февраль