Алтынбек Сулайманов кызматтан кетти

Президенттин Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов кызматын тапшырууну чечкенин билдирип кайрылуу жасады. Анда Сулайманов жергиликтүү башкаруу реформага муктаж экенин белгилеген.

«Жергиликтүү бийликте бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда, элетте эч кандай өнүгүү болбосуна көзүм жетти. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаж. Борбордук башкарууну децентрализациялоо керек. Мен саясатчы, сөзүнө бек турган инсан катары ар бир баштаган ишимди аягына чыгарууга аракеттенип келем. Мындай жергиликтүү башкаруу системасы иштеп турганда аракеттерим текке кетерине көзүм жетти. Ошондуктан мен Ысык-Көл элинин да, өзүмдүн да убактымды кетирбей, өз каалоом менен кызматымды тапшырууну чечтим» —деп айтылат кайрылууда.

Алтынбек Сулайманов быйыл 24-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Мурдагы өкүл Мирбек Кожоев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан тапшырган.

14:29, -ж., 27-февраль