Банктарда алтын жана күмүштүн куймасын сатуу маселеси каралып жатат

Министрлер кабинетинин төргасы Акылбек Жапаров банк секторунун өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Жапаров анда "салыктык башкарууну жана банктык тейлөөнү санариптештирүү тыгыз кызматташууга муктаж экенин белгилеп, банктарды бул багытта жигердүү болууга, фискалдык түзүмдөрдү реформалоодо көмөктөшүүгө чакырды. Ошондой эле бул тармактын келечегине токтолуп, коммерциялык банктарда алтын жана күмүштүн өлчөнгөн куймаларын жана тыйындарды сатуу-алуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын айтты",-деп айтылат маалыматта.

Соңку кездери Кыргызстанда коммерциялык банкттарга байланыштуу сын-доомат көбөйдү. Өлкөдө ири суммадагы соода-сатык, насыя, бизнес негизинен АКШ долларына байланган. Учурда накталай доллар тартыштыгы, банктардагы чектөөлөр, кошумча комиссия акысы ишкерлерге түйшүк жаратып, айрымдарынын кирешесин азайтканын айтып жатышат.

14:29, -ж., 27-февраль