Ондогон куралдарды мыйзамсыз сактоого шектелип кармалган Журат Абдуллаев 2 айга камакка алынды

Биринчи май райондук соту «Үмүт жана Ко» ишканасынын ээси Журат Абдуллаев Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына эки айга камалганын кабарлады. Шектүүнүн бөгөт чарасы тууралуу чечим 20-августта чыккан. 

Маалыматка караганда, Жураев соттун чечими менен 19-октябрга чейин абакта болот.

Журат Абдуллаев мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен 19-августта кармалган. УКМК тараткан маалыматка ылайык, анын үйүн жана иштеген жерин тинтүүдө «БРДМ-2» үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган «Калашников» үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынган.

14:29, -ж., 27-февраль