Кабулдагы мечитте жардыруу болуп, 21 адам каза болду

Ооганстандын баш калаасы Кабулда 17-августта кечки намаз маалында ибадат кылуучуларга жык толгон мечитте жардыруу болуп, 21 киши мүрт кетти. Бул тууралуу Кабул полициясы бейшемби күнү билдирди.

Reuters агенттиги Кабулдагы талибдердин полициясынын өкүлү Халид Задран жардыруудан дагы 33 киши жараат алганын айтканын жазды. Күбөлөр агенттикке Кабулдун түндүгүндөгү конуштарда катуу жардыруу угулуп, жанындагы имараттардын терезелери талкаланганын айтышкан.

“Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид жардыруудан каза болгондор жана жараат алгандар бар экенин ырастап, бирок алардын санын тактаган жок.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким моюнуна ала элек жана “Талибан” да ачык кайсы бир тарапты күнөөлөгөн жок. Бирок акыркы айларда шаар борборлорунда бир нече ири кол салуулар болду, алардын айрымдарын “Ислам мамлекети” тобу өзүнө алды.

14:29, -ж., 27-февраль