Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында алтын байгенин ээси болду.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлагандай, Медет кызы 76 килограмм салмактагылар арасында кармашты. Финалда ал Кот-д Ивуардын келген атаандашы Айюин Эмини 10:0 эсебинде утту.
Ислам шериктештиги оюндары 9-августта расмий ачылды. Учурда бул оюндарда Кыргызстандын эсебинде үч алтын, төрт күмүш жана эки коло байге бар.
Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңге жакын катышуучу спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу спорттун 16 түрүнөн таймашат. Мелдештер 18-августка чейин уланат.