Төө-Ашуу тоннелинде унаалар токтосуз жүрө алышат

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу тоннелиндеги жолду оңдоо аяктап, кыймылга чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындан ары жол өтмөктө автоунаалар тоскоолдуксуз жүрө алышат.

Июль, август айларында аталган тоннелде автокырсык болуп, андан электр чубалгыларына зыян келтирилген. Мындан соң утур-утур менен чектөө киргизилип жаткан эле.

Транспорт министрлиги жакын арада Төө-Ашуудагы тоннелдин башка оңдоо иштери жүргүзүлөрүн эскертти.

14:29, -ж., 27-февраль