Кыргызстанда эң оор дартка чалдыккан 10 жаран Түштүк Кореяга жиберилет

Кыргызстандын оор дартка чалдыккан 10 жаранын Түштүк Кореяга дарыланууга жиберүү пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Кечээ 15-июлда министр Алмазбек Бейшеналиев Кореянын Кемён университетинин Донгсан медициналык борборунун өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда медициналык билим берүү тармагында кызматташуу маселелери талкууланды. Жолугушууда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин демилгеси менен оор дартка чалдыккан 10 жаранды дарыланууга жиберүү сунушу айтылган.

Ошондой эле, эки тараптын меморандумунун алкагында Кемён университети Кыргызстанга тубаса жүрөк кемтиги, тубаса сол жак эрин жана таңдай жырыгы сыяктуу патологиялык оорулары бар балдарды жана аялдарды текшерүү үчүн дарыгерлерин жиберди.

14:29, -ж., 27-февраль