Кыргызстанда калктын жашоо минимуму 15 пайызга өстү

Кыргызстанда калктын жашоо минимуму орточо 7 318 сомду түзүп өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 15,6 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Жашына карап бөлгөндө эмгекке жарамдуу курактагылардын бир айлык керектөөсү былтыр орточо 7 122 сом болсо, быйыл 8 195 сом болгон. Ал эми, пенсионерлердин бир айлык жашоо минимуму 6 542 сом деп эсептелди.

Жашоо минимумун эсептегенде жалпы сумманын 65%ы бир айлык азык-түлүк товарларынын үлүшү, 16 пайызы азык-түлүк эмес товарлар, 17 пайызы кызмат көрсөтүүлөргө, эки пайызы салыктарга кеткен акча болот. Аймактар боюнча бир кишинин бир айлык керектөөсү эң көп Жалал-Абад облусунда саналат.

14:29, -ж., 27-февраль