Ош: 20дан ашык жол курулуш техникасы алынат

Ошко быйыл 20дан ашык жол курулуш техникасы алынат.Анын алгачкысы сатып алынып, пайдаланууга берилди. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, шаардын вице-мэри Жасур Азимов “Ош шаардык жолдор башкармалыгы” тарабынан атайын жол курулуш техникасын сатып алуу боюнча протоколдук тапшырманын аткарылышын текшерди. Ага ылайык жаңы агрегат – асфальт фрезер сатып алынып, иш жүзүндө сыналган.

Белгилей кетсек, быйыл аталган ишканага пландар боюнча жергиликтүү бюджеттин каражатынын жана Кытай грантынын эсебинен 20дан ашык атайын техникалар алынат.

14:29, -ж., 27-февраль