“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорунун концепциясы парламенттеги алгачкы талкууда колдоо тапкан жок

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорунун концепциясы парламенттеги алгачкы талкууда колдоо тапкан жок. Эреже боюнча, долбоорлор алгач тийиштүү комитеттен өтүүсү зарыл.

Бул долбоор бүгүн 17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитетинде биринчи окууда кызуу талкууланып, добуш берүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган жок.

Негизги талкуу концепциядагы “жергиликтүү курултайлар” деген аныктаманын тегерегинде чыкты. Депутаттар Конституцияда бир гана “элдик курултай” тууралуу айтылганын, ар бир жергиликтүү бийлик деңгээлинде өзүнчө курултай уюштуруу туура эмес жана материалдык жактан кошумча жүк болорун айтышты.

Долбоордун авторлору өз жүйөсүн келтирип, мыйзамдарга карата карама-каршылык жок экенин билдиришти.

Комитеттин бүгүнкү жыйынынын күн тартибине “Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоору сегизинчи болуп жазылган, бирок президенттин өтүнүчү менен депутаттар аны кезексиз карай башташкан. Президент сунуштаган документти 11 адамдан турган жумуш тобу иштеп чыккан. Бийлик аны ушул жылдын 1-сентябрынан тартып жүзөгө ашырууну көздөөдө.

Мыйзамга ылайык, эми жарым жылдан кийин гана курултай тууралуу жаңы мыйзам долбоорун парламентке алып келе алышат.

14:29, -ж., 27-февраль