Озгурлуктар калаа бийлигине көйгөйлөрүн жеткиришти

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Ш.Нурановдун катынын жана шаардыктардын кайрылууларынын негизинде вице-мэр Сонунбек Жунусбаев Озгур айылынын тургундарынын көйгөйлөрү менен жеринде таанышты.

Жашоочулар менен жолугушууда негизги көйгөйлүү маселелер айтылып, ага ылайык тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Жолугушууга ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын, Капиталдык курулуш башкармалыгынын, Ош шаардык жолдор башкармалыгынын, “Горсвет”, “Ошшаарсууканал” ишканаларынын жетекчилери жана адистери катышты.

14:29, -ж., 27-февраль