Ажыга баруучуларды каттоо мөөнөтү 17-майга чейин жылдырылды

Өлкөдө ажыга баруучуларды каттоо мөөнөтү 17-майга чейин жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. 

Буга чейин ажылыкка каттоо 11-майга чейин деп белгиленип, кийин 13-майга узартылган. Бул жолу катталууга жетишпей калган жарандарга 17-май чейин убакыт берилди.

Катталууну каалагандар РСК банкына 4500 АКШ долларын жана кайтарымсыз 700 сомду төлөп, аңдан соң өз аймактарындагы казыяттарга караштуу каттоо пункттарына барып, тизмеге кирүүсү зарыл.

Учурда бардык аймактарда жалпы 34 каттоо пункту иштеп жатат.

2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 орун бөлүнгөн.

14:29, -ж., 27-февраль