Нур-Султанда жаш кыз бир өлүмдөн калды: эркек киши кызды куткарып калды

Казакстандын борбор калаасынын "Камал-2" турак жай комплексинде кичинекей кыз терезеден кулап кете жаздады. Аталган жаш кызды куткаруу үчүн эркек киши терезенин рамкасына чыгып, четинде турган кызды өзүнө карай сүйрөп кетти.

«Борбордогу "Камал-2" турак жай комплексинде кичинекей кыз терезеден кулап кете жаздады. Окуя бүгүн, саат 10:30дар чамасында болгон», - деп айтылат видеонун сүрөттөмөсүндө.

ФБ колдонуучусу Думан Капасовдун айтымында, куткаруучунун аты Сабит Серикулы.

14:29, -ж., 27-февраль