Ош шаарында согуш ардагерлерин куттукташты

Кечээ, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата Ош шаарынын бардык вице-мэрлери, шаардык кеңештин төрагасы, мекеме-уюмдардын жетекчилери ардагерлердин жана тыл эмгекчилеринин үйүнө барып Жеңиш күнү менен куттукташты. Ардагерлерге акчалай жана майрамдык тамак-аш түрүндө колдоо көрсөтүштү.

Учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 4 ардагери жана 6 тыл эмгекчиси жашайт.

14:29, -ж., 27-февраль