Бишкекте 9-кабаттан боюнча таштоого аракет кылган жаран куткарылды

Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-май күнү саат 18:20 чамасында Бишкектеги курулушу бүтө элек көп кабаттуу имараттардын биринин 9-кабатынан боюн таштаганы жаткан аял тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө беш куткаруучу тартылып, аялды жерге түшүрүп милиция кызматкерлерине өткөрүп берди.

14:29, -ж., 27-февраль