Коронавирустан 9 бейтап үйүндө дарыланып жатат

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, 30-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган адам катталган жок. Ушул тапта ооруга мурда чалдыккан тогуз бейтап үйүндө дарыланып жатат.

2020-жылдын мартынан бери коронавируска 200 992 адам чалдыгып, 2 991 киши оорудан көз жумган. 196 400 адам илдеттен сакайган.

12-марттан тартып Кыргызстанда коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде коюлбайт.

1-майдан тарта сырттан Кыргызстанга келген адамдардан коронавирусту аныктоочу ПЦР тесттин жыйынтыгы да талап кылынбай турганы кабарланган.

14:29, -ж., 27-февраль