«Манас» эл аралык аэропорту акыркы беш жылда бюджетке 4 млрд 218 млн 217 миң сом төктү. Бул тууралуу мекменин маалымат кызматы билдирди.
Анын ичинде былтыр ишкана салыктар жана соцфондго чегерүүлөргө 1 млрд 102 млн 651 миң сом төккөн.
Быйыл «Манас» аэропорту» 3 айда бир милиионго жакын жүргүнчү ташылганын билдирген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 62%га көп.
Ошондой эле бул мезгилде эл аралык багыттарга дээрлик 6 миң, ички каттамдарга 3 миң 232 рейс аткарылган.