17 киши коронавирус жуктуруп алды

Бүгүн, 29-мартка карата Кыргызстанда COVID-19 илдетин 17 киши жуктуруп алды. 12 бейтап айыгып, бирөө көз жумду. 

Республикалык штаб маалымдагандай, жаңы учурлардын 11иБишкек шаарынан, алтоо Чүйдөн аныкталган.

Жалпы жуктургандардын саны пандемия башталгандан бери  200 909 адамга жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 196 193. Курмандыктар 2986.       

Учурда стационарда 98 жана амбулатордук түрдө 49 адам дарыланып жатат.     

14:29, -ж., 27-февраль