Коронавуирус 31 кишиден табылды

22-февралга карата Кыргызстанда COVID-19 илдети 31 кишиден аныкталды. Мурда жуктургандардын 159у айыгып чыкты. Ошол эле учурда 1 бейтап каза болгон. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:

Бишкек — 9;

Чүй облусу  – 16;

Ысык-Көл облусу – 4;

Жалал-Абад облусу – 2.

Пандемия башталгандан бери жалпы жуктургандардын саны 200 368ге жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 194 377. Каза болгондор 2947. 

Учурда стационарда 220 жана амбулатордук түрдө 1251 адам дарыланып жатат.   

14:29, -ж., 27-февраль