Кара-Суудагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында жол кырсыгы катталып, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жаңы-Арык айылында «Тойота Камри» үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып кеткен. Натыйжада 29 жаштагы — А.А., Т. уулу Ж. жана Ж.А. жеңил жаракат алышып, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Кырсыктын кесепетинен унаадан өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө саат 00:50дө Өзгөн райондук №103 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, саат 01:35те толугу менен өчүрүлгөн.

14:29, -ж., 27-февраль