Ош шаарында каракчылык кылууга шектелгендер кармалжы

Ош шаарында түн ичинде каракчылык жасоо үчүн үйгө бастырып кирген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 11-январында саат 00:05 чамасында Ош шаарынын тургунунун үйүнө белгисиз адамдар ок атуучу курал жана бычак менен бастырып киришкен.

Бул факт Ош ШИИБдин электрондук маалымат журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («Каракчылык») менен кылмыш иши козголгон.

Алгачкы тергөөдө маалым болгондой, 2022-жылдын январь айынын башында кылмышка шектүү жарандар тоноого даярданышып, «Акчасы болушу мүмкүн» деп боолголошуп, аталган даректеги үйдү карактоону пландаштырышкан.

2022-жылдын 11-январына караган түнү кылмыштуу топ күмүш түстөгү «Дэу Лачетти» үлгүсүндөгү автонуаа менен аталган үйгө барышат. Үйдүн терезесин өздөрү менен кошо алып барган темир таякча менен бузуп, терезе аркылуу ичине кирип, эшигин ачышкан. Үй ээсинин балдарын карап отурган аялды көрүп калышып, кылмыштуу топтун мүчөсү колундагы бычагы менен анын көкүрөк тушуна такап, «Үнүңдү чыгарба» деп эскерткен. Ал эми кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү М.Т. колундагы тапанча менен жерге ок чыгарып, «Сейф каякта? Ачып бер, болбосо өлтүрөм» деп коркуткан. Үйдүн ичиндеги эмеректерди баарын тинтип, 1 400 доллар, 12 миң сом, сөйкө, алтын чынжыр, билерик жана 2 даана уюлдук телефонду карактап, алып кетишкен. Зергер буюмдарды Жалал-Абад шаарына алып барып, 117 миң сомго сатып, акчасын бөлүп алышкан.

Кылмыштуу топтун мүчөсү Б.О.го таандык «Дэу Лачетти» үлгүсүндөгү автоунаасына тинтүү жүргүзүү учурунда 1 даана бычак, 4 жуп курулуш кол каптары, 1 даана медициналык бет кап, 5 даана кышкы куртка, 2 даана спорттук шым, 1 жуп спорттук бут кийим алынган. Ал эми топтун дагы бир мүчөсү Т. М.нын үйүн тинтүүдө уурулук жолу менен келген бир даана телевизор, каракчылык фактысы боюнча бир даана ноутбук жана ошондой эле бир даана белги берүүчү МР-371 «Макаров» (КВ Жевело-Н) тапанчасы алынган.

Жыйынтыгында ЖПКнын 96-97-беренелеринин негизинде топтун бардык мүчөлөрү аныкталып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалды уланууда

14:29, -ж., 27-февраль