Ош шаарындагы «Төлөйкөн» ат майданында райондор аралык өтмө кубок башталды

Ош шаарындагы «Төлөйкөн» ат майданында 6 команданын катышуусунда өтмө кубок боюнча мелдештер башталды. Бул тууралуу Ош облустук көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Маалыматк караганда аталган өтмө кубокту Кара-Суу районунун көк бөрү федерациясы уюштурган.

Учурда мелдештке Кара-Кулжа районунун командасы, Өзгөн районунун командасы, Кара-Суу районунун 2 командасы, Араван районунун командасы жана Төлөйкөн айылынын командасы катышууда.

Бүгүн чүчү кулак тартылып, командалар эки топко бөлүнүп, оюн алып барышууда. Эртең, 23-январь күнү мелдештин финалдык оюндары болуп өтөт.

Ош облустук көк бөрү федерациясы маалымдагандай, азырынча мелдештин жалпы акча фонду белгилүү эмес. Бирок 1-орунду алган командагы 60 миң сом, 2-орунду алган командагы 40 миң сом, 3-орунду ээлеген командага 30 миң сом берилери күтүлүүдө. Баш байге – кубок.

Аталган өтмө кубокту алгач ирет Ош шаарынын көк бөрү федерациясы өткөргөн. Кубокту кайсы райондун командасы утса, мелдеш уюштурат.

14:29, -ж., 27-февраль