Алайда 71 жаштагы аял изделүүдө

Алай районунун Гүлчө айылынын 1951-жылы туулган тургуну Бактыгүл Үсөнова изделип жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, ал 2022-жылдын 12-январында саат 14:00 чамаларында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, толук дене түзүлүштө, бетине бырыш түшкөн, өңү кара-тору, чачы ак, кыска.

Кийген кийимдери: башында күрөң түстөгү береткага окшогон тумак, үстүндө сыя түстөгү (фиолетовый) кофта, кара түстөгү шым.

14:29, -ж., 27-февраль