Ош шаарында "Олигарх" ресторанынын өрт жагуучу жайынан өрт чыкты

Бүгүн, 17-январда Ош шаарынын Анар-1 кичи районунда жайгашкан «Олигарх» ресторанынын от жагуучу жайынан өрт чыкты, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, өрт саат 11:50дө чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Окуя болгон жерде жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм, ыкчам топ, штаб жана райондук электр тармактары ишканасынын 1 бригадасы иш алып барууда», - деп айтылат маалыматта.

14:29, -ж., 27-февраль