Кыргыз хоккейсилери Евразия кубогун утту

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Түркияда жаштар арасындагы эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду. Командалар арасындагы Евразия кубогу (U-20) 7-9-январда Стамбулда өткөн. Ага Босния жана Герцеговина, Түркия, Болгария жана Кыргызстандын командалары катышты.

Турнирдин регламенти боюнча, командалар өз ара айлампа болуп оюн өткөрүшкөн. Жыйынтыгында Кыргызстандын командасы бардык атаандаштарынын үстүнөн жеңишке жетишип, турнирдин жеңүүчүсү аталды. Ал эми 2-орунга түркиялыктар чыкса, 3-орунду болгариялыктар ээледи.

Кыргызстандын курама командасынын беттештеринин жыйынтыгы:

  • Кыргызстан - Болгария - 7:5
  • Кыргызстан - Түркия - 7:5
  • Кыргызстан - Босния жана Герцеговина - 5:2
14:29, -ж., 27-февраль