Кыргыз-казак чек арасында ПЧР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүү талабы алынды

Казакстандагы абал кескин курчуп кеткенине байланыштуу кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө милдеттүү делген ПЧР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүү талабы алынды. Бул тууралуу айрым ЖМКлар Министрлер кабинетиндеги булагына таянуу менен жазып чыкты.

Тактап айтканда, Казакстандан келген Кыргызстандын жарандарынан жана чет өлкөлүктөрдөн ПЧР-тесттин жыйынтыгы талап кылынбайт.

14:29, -ж., 27-февраль