ЖККУ Казакстанга аскерлерин жөнөтүүнүн чечти

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму Казакстанга аскерлерин жөнөтүүнү чечти. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри, ЖККУнун Кеңешинин учурдагы төрагасы Никол Пашинян билдирди.

Анын айтымында, аскерлер белгилүү бир убакытка абалды турукташтыруу үчүн киргизилет.

Буга чейин казак президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы абалды террорчулардын агрессиясы деп баалап, ЖККУдан жардам сураган болчу.

ЖККУга мүчө өлкөлөр: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан.

14:29, -ж., 27-февраль