Камчыбек Ташиев пневмонияга чалдыкты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын"кызыл зонасына" жаткырылды. Бул тууралуу айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянуу менен жазышууда.

Ташиев кечээ, 4-январда күндүз пневмония менен ооруканага жеткирилген. Ошондой эле ал коронавируска анализ тапшырды.

Учурда Ташиевдин абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Ал 2020-жылы жай мезгилинде коронавирустун оор түрү менен ооруган болчу.

14:29, -ж., 27-февраль