Ош шаарында социалдык объектилердин курулушу башталды

Бүгүн, 4-декабрда Ош шаарындагы Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыгында социалдык объекттердин курулушуна капсула салынды. Ага ылайык бул аймакта үй-бүлөлүк медицина борбору, окуу борбору жана мечит курулат. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясынын президенти Мохаммед Мады, аймактык башкармалыктын башчысы, аксакалдар жана жашоочулар катышты.

Вице-мэр өз сөзүндө шаардын кичи райондорундагы инфраструктуранын өнүгүүсүнө салым кошуп жатканы үчүн ассамблеяга ыраазычылык билдирди. 

Эскерте кетсек, башталган курулуш кийинки жылдын экинчи жарымында бүткөрүлөт деп пландалууда.

14:29, -ж., 27-февраль