Ош облусунун Алай районунун Нура айылында акыркы учурларда малга карышкырлардын кол салуусу күч алды. Бул тууралуу Экология жана климат мамлекеттик комитетинин Алай районундагы аңчы адиси Алимбек Айдаров билдирди.
Анын айтымында, карышкырлар тобу акыркы бир айда 11 жылкыны, 2 торпокту жеп кетти.