Өзбекстандык мушкер эмдөө боюнча талашып дарыгер досун өлтүрүп койгон

Өзбекстандык мушкер Акмал Хожиев дарыгер Миран Рибатиниөлтүрүүгө шектелип камакка алынды. Бул тууралуу «Pacific News Center» билдирди.

Окуя АКШга караштуу Гуам аралында болгон. Хожиев менен Рибати дос болчу. 7-ноябрда Рибати Хожиевдин үйүнө барган. Үйдө Хожиевден тышкары апасы жана эжеси бар болчу.

Баарлашуу учурунда Хожиев менен Рибати коронавируска каршы вакцина тууралуу талашып-тартышып кетишкен. Буга чейин Хожиев социалдык тармакта коронавируска каршы эмдөөгө каршы экенин билдирип, катталуучуларын эмдөөдөн баш тартууга чакырган. Ал Рибатини муунтуп, столдо турган сөөк менен мойнуна бир нече жолу урган. Рибати Хожиевдин апасы жана эжесинин жардамы менен качууга аракет кылган, бирок Хожиев ага бир нече жолу бычак сайган. Анын кесепетинен дарыгер көз жумган.

Хожиев полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтпөй, колго түшүп берген жана Рибатини өлтүргөнүн мойнуна алган.

Хожиев Өзбекстандын Самарканд шаарында туулган. Кийин Россиянын Санкт-Петербург шаарына көчүп кеткен. Соңку 3 жылдан бери Гуам аралында жашап, машыгып келген. Беттештерге Россиянын атынан чыкчу.

Ал бүгүнкүгө чейин профессионалдык карьерасында 4 беттеш өткөргөн. Анын үчөөнү жеңсе, 1 ирет жеңилүү ызасын тарткан.

14:29, -ж., 27-февраль