Жалал-Абадда милиция кызматкерлери кармалды

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 143-беренесинин 1-бөлүгү (Кыйноолор) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жалал-Абад облустук ИИБ Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине карата материалдар иликтенүүдө. 

Жалал-Абад облустук ИИБ Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан КР жараны А.Н.га карата кыйноолорду колдонуу фактысы аныкталды. 

2021-жылдын 12-ноябрында Жалал-Абад облустук ИИБ Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы М.Ж., ыкчам кызматкери М.Б., КР ИИМ Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Жалал-Абад облусу боюнча Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын улук ыкчам кызматкерлери К.М. жана З.А. КР Жазык кодексинин 143-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту жана 320-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш жасагандыгы жөнүндө шектенүү билдирилди.  

Жыйынтыгында аталган адамдарга карата КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №25-мекемесине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.    

Азыркы учурда аталган сотко чейинки өндүрүш боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүүдө.   

14:29, -ж., 27-февраль