Бишкек шаарындагы мушташ боюнча соттун чечими чыкты

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 15-октябрда мурдагы милиционерлерге өкүм чыгарды. Аларга Жал кичи районундагы мушташ боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айып тагылган.

2019-жылы 28-августта эртең менен Жалда мушташ чыгып, анын кесепетинен бир адам комага түшкөн. Окуя Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Ярмарка» дүкөнүнүн алдында болгон.

Мушташтан кийин 1988-жылы туулган М.А. Улуттук госпиталга жеткирилип, комага түшкөн. Ал 2-сентябрда өзүнө келип, жандандыруу бөлүмүнөн нейротравматология бөлүмүнө которулган. Ушул эле мушташтан жабыркаган 1988-жылы туулган Б.У. хирургия бөлүмүнө түшкөн болчу.

14:29, -ж., 27-февраль