Айпери Медетбек кызы дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болду

Айпери Медет кызы Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын финалында күч сынашты. Бишкек шаарынын убактысы боюнча 5-ноябрга караган түнү финалда Колумбиянын спортчусу менен беттешип, жыйынтыгында алтын медаль тагынды.

Кыргызстандык балбан мелдешти 3-ноябрда 76 килограммга чейинки салмак категориясында баштаган.

14:29, -ж., 27-февраль