Дарыгер кан басым жогоруласа эмне кылыш керектигин айтты

Нарын облусунун Ат-Башы району бийик тоолуу аймак болгондуктан жашоочулардын көбүнүн кан басымы жогору. Ат-Башы райондук тез жардам бөлүмүнүн фельдшери Динара Кубанычбекова кан басым көтөрүлүп жана түшүп кеткенде үй шартында кандай жардам көрсөтүү керектигин айтып берди.

Анын айтымында, кан басым жүрөк, бөйрөк ооруганда да көтөрүлүшү мүмкүн.

«Ат-Башы району бийик тоолуу районго киргендигине байланыштуу жашоочулар арасында жогорку кан басым менен жүрөк оору буга чейин деле болгон, азыр деле бар. Биз барганга чейин ооруган адам 1 таблетка Аспирин дарысын ичиши керек. Нары-бери баспай, өзүнө күч келтирбей жатышы зарыл. Башка дары ичпейт.

Ал эми кан басым түшүп кеткенде шекер менен ысык кофе ичсе болот. Кан басымдын дагы көп түрлөрү бар. Көтөрүлгөн кан басым түшпөй калганда гипертониялык криз болот. Муну эрте дарылабаса инсульт оорусуна өтүп кетет. Тез жардамдын журналы менен алганда 70% чакыруу кан басым, жүрөк ооруларына байланыштуу. Калганы ар кандай жаракат, өнөкөт оорулары менен кайрылгандар. Кан басымды өз алдынча дарылабоо керек. Биринин дарысын бири ичкенге болбойт. Себеби ар кимдин өзүнүн дарысы болот. Кан басым жүрөк, бөйрөк ооруганда да көтөрүлүшү мүмкүн.

Ал эми жүрөк оорудан стенокардия оорусу көп болуп жатат. Ал дарт дагы экиге бөлүнөт. Туруктуу, туруктуу эмес болуп. Мурда туруктуу көп болчу, анда өз дарысын ичкенде өтүп кетчү. Туруктуу эмес түрү дарыга эффект болбогон түрү, азыр көбүнчө ушул түрү менен келип жатышат», - деди фельдшер.

14:29, -ж., 27-февраль