Кыргызстандын спортчуларын Өзбекстандагы эң бай адамдардын бири үйүндө сыйлады

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы (U-23) Өзбекстандын Ташкент шаарында окуу-машыгуу өткөрдү.

Машыгуу Сербияда өтө турган 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө биринчилигине даярдык көрүү иштеринин алкагында уюштурулган.

Кыргыз балбандарынын машыгуусуна Өзбекстандын күрөш федерациясынын президенти Салим Абдувалиев да катышып, спортчуларды үйүнө конокко чакырган.

Абдувалиев балбандарды палоо менен сыйлап, чапан кийгизди.

Абдувалиев Салим Киргизбаевич — Өзбекстандагы эң бай адамдардын бири. 10 жылдан ашуун убакыттан бери жаш балбандарга каржы жагынан жардам берип келет. Эркин күрөш боюнча Өзбекстандын 5 жолку чемпиону болгон.

14:29, -ж., 27-февраль