Таласта 59 жаштагы жаран өспүрүм кызды зордуктоого шектелип кармалды

Талас районунун Каракол айылынын 59 жаштагы тургуну 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу «Турмуш»  басылмасына айылдаштары билдиришти.

Маалым болгондой, окуя жайкы каникул учурунда (июнь айынын этеги) Каракол айылында болгон.

«Кыз Талас районунун Кум-Арык айылында интернатта (акыл-эсинин өрчүшү артта калган балдардын интернаты) окуган. Ал эми 59 жаштагы адам кошунасы болгон. Ал киши кызды колунан жетелеп, үйүнө алып кирип бара жатканын кыздын жакындарына башка кошуналары маалымдаган. Көрсө ошол учурда зордукталган экен. Алар окуя болгон жерге барып аны кармашкан. Андан кийин аны милиционерлер алып кетишкен. Ал киши көп жыл мурун үй-бүлөсү менен ажырашкан», - деди алар.

Милиция аталган фактыны тастыктап, иш сотко өткөнүн билдиришти.

14:29, -ж., 27-февраль