Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасы алгачкы оюнун жеңиш менен баштады

Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы 23 жашка чейинки курама командалар арасындагы Азия Кубогунун тандоо турунда ийгиликтүү баштады.

Азия Кубогунун тандоо туру Фуджейра шаарында Бириккен Араб Эмираты (БАЭ), Кыргызстан, Индия жана Оман курама командаларынын катышуусунда өтүүдө.

24-октябрда биринчи турдун беттештери орун алды. Нурбек Жолдошев жетектеген Кыргызстандын курама командасы БАЭден келген теңтуштары менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.

1-тур, 24-октябрь

БАЭ — Кыргызстан - 1:2

Голдор: Халед Мохаммед Алблуши, 45+2 (1:0); Амир Жапаров, 77 (1:1); Арлен Шаршенбеков, 87 (1:2)

14:29, -ж., 27-февраль