Бүгүнкү күндө кесипкөй мугалимдердин жетишсиздиги жана мугалимдерди даярдоо сапатынын төмөндүгү маселеси турат, деди президент Садыр Жапаров маалымат жыйында.
Кийинки жылы мугалимдердин статусу көтөрүлүп, маянасы жогорулайт
17:07, 2021-ж., 23-октябрь
Society «Кийинки жылы мугалимдердин статусун жана айлык акысын көтөрүү боюнча ишти баштайбыз», - деди ал.
Бүгүн президент маалымат жыйын уюштуруп, өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.