Министрлер кабинетинин президент сунуштаган курамы белгилүү болду

Президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталган Министрлер кабинетинин курамы тууралуу алгачкы маалыматтар белгилүү болду. Министрлер кабинетинин төрагасы кызматына талапкер — Акылбек Жапаров . Буга чейин Министрлер кабинетин Улукбек Марипов жетектеп турган.

  • Жаңы курам:

- Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары —Арзыбек Кожошев(бул кызматта Азиз Аалиев эмгектенип жаткан);

- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары —Азиз Аалиев (мурунку министр — Акылбек Жапаров);

- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Эдил Байсалов (бул кызматта мурда Жылдыз Бакашова эмгектенип жаткан);

- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы — Камчыбек Ташиев;

(Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — социалдык өнүктүрүү министри кызматын Дастан Догоев ээлеп турган);

- Экономика жана коммерция министри — Данияр Амангелдиев (мурун Экономика жана финансы министрлигин Акылбек Жапаров жетектеп турган);

- Финансы министри — Алмаз Бакетаев;

- Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев (ордунда калды);

- Юстиция министри — Аяз Баетов (мурунку министр — Аяз Баетов);

- Транспорт жана коммуникация министри — Эркинбек Осоев (ордунда калды);

- Энергетика министри — Доскул Мурзаев (ордунда калды);

- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — Динара Кутманова (Мурда Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет болуп, Д.Кутманова жетектеп турган);

- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри —Кудайберген Базарбаев (Социалдык фонд Саламаттыкты сактоо министрлигине карап турган);

- Ички иштер министри — Улан Ниязбеков(ордунда калды);

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри — Азамат Жаманкулов(мурунку министр — Кайрат Иманалиев);

- Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри — Алымкадыр Бейшеналиев (ордунда калды);

- Билим берүү жана илим министри — Болотбек Кулушев (ордунда калды);

- Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскарбек Жаныбеков (ордунда калды);

- Коргоо министри — Бактыбек Бекболотов (ордунда калды);

- Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев (ордунда калды).

14:29, -ж., 27-февраль