Ош облусунда пневмония оорусунан жабыркаган 13 жаран дарыланууда

Ош облусунун аймагында пневмония оорусунан жабыркаган 13 бейтап дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Шаятбек Абдурахманов билдирди.

Анын айтымында, учурда облуста коронавирус боюнча абал туруктуу.

«Бизде райондордогу стационарлар азыр жабык. Облус боюнча Кара-Суу районунун Баш-Булак айылына жугуштуу оорулар үчүн оорукана уюштурулган. Ал жерде 13 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 3 бейтаптын абалы оор. Калгандарынын абалы туруктуу. Баары пневмониядан жабыркаган», - деди ал.

14:29, -ж., 27-февраль